akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-10-09, 12:22

    Балдарын кароосуз калтырган мигранттарга айып пул салынышы мүмкүн

    Балдарын кароосуз калтырган мигранттарга айып салуу сунушталууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттардын балдарына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту коомдук талкууга чыгарды.

    Документте ата-энелер камкорчуну дайындабай, көзөмөл органдарына билдирбестен, балдарын туугандарына, кошуналарына жана тааныштарына таштап, чет өлкөгө чыгып кетип жатканы белгиленген.

    Аталган министрликтин маалыматында, Кыргызстанда ата-энеси миграцияга кетип, жакындарынын колунда калган балдардын саны 84,5 миңден ашат. Алардын 42 миң 648и камкордукка берүү тууралуу документтери жок туугандарында жашап жатканы аныкталган.

    Укук бузуулар жөнүндө кодекстеги толуктоо киргизүү сунушталып жаткан "Ата-энелик милдеттерден качуу" беренесине ылайык, балдарын кимге таштаганы тууралуу маалымат бербеген ата-энелерге 15 миң сом айып пул салынат.


    Тектеш материалды окуу