akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-11-09, 11:32

    Баткенге дем берүүчү гранттар аркылуу 38,6 млн сом бөлүндү

    Баткен облусуна 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 38,6 млн сом бөлүндү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн суммага 27 долбоор каржыланды.

    Анын ичинен 10 миллион сому облустун алыскы райондоруна жаңы мектептерди курууга багытталды.

    Ошондой эле, иштеп жаткан медициналык мекемелерди оңдоого жана модернизациялоого 12,6 млн сом бөлүнгөн. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө, анын ичинде дыйкандарды заманбап технологиялар жана техникалар менен камсыздоого 8 миллион сом сарпталган. Ушундай эле сумма жаш ишкерлерди колдоого бөлүнгөн.


    Тектеш материалды окуу