akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-22-03, 14:05

    Лейлек районунда 53 млн сомго спорт комплекси курулат

    Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен облусуна спорт комплексин курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында пайда болду.

    Жаңы спорт комплекси Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында курулат.

    Курулуштун болжолдуу баасы 53 млн 98,4 миң сомду түзөт.


    Тектеш материалды окуу