Жарыяланган
2024-01-03, 05:15Быйыл Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад, Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусунун Кочкор айылында Юстиция үйлөрү курулат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында айтылды.
Маалыматка ылайык, бул үйлөр республикалык бюджеттен каржыланат.
Мындан тышкары, Ош шаарындагы жараксыз абалдагы эски имараттын ордуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу Ош юстиция башкармалыгына жаңы имарат куруунун долбоору даярдалды.