Жарыяланган
2025-04-04, 08:18Быйыл Кыргызстанда сугат суунун акысы эки тариф менен эсептелет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, шарты катаал райондун тургундары бир гектарга 250, калган райондордуку 500 сом төлөйт.
Болжол менен алганда дан эгиндери айдалган 1 гектар жерге орточо 1 миң 100 метр куб суу керек.
Ал эми сугат суудан түшкөн каражатты ички каналдарды казуу, айыл чарба техникасын сатып алуу жана мураптардын маянасын көтөрүгө жумшоо пландалууда.