akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-01-04, 10:28

    Дыйкан-фермерлерге 950 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

    "Айыл чарбасын каржылоо - 13" долбоорунун алкагында 1 миң 500дөн ашык айылдык товар өндүрүүчүгө 950 млн сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди.

    Каржы министрлигинен эске салышкандай, кредитти мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, сууну үнөмдөөчү технологиялар менен алектенгендер алышууда.

    Каражат алгандардын басымдуусу Жалал-Абад облусунун тургундары болсо, эң азы Баткенге туура келет.


    Тектеш материалды окуу