akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-22-01, 12:45

    Былтыр 204 адам долларлык миллиардер болушкан

    Былтыр 204 адам долларлык миллиардер болушкан. Дүйнөдө миллиарддан ашык капиталы бар 2 миң 769 адам бар. Алардын жалпы активдери 15 триллион долларды түздү.

    Мындай маалыматтарды Oxfam эл аралык уюму Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда көрсөттү.

    Эксперттер бай адамдардын саны тездик менен өсүп жатканын жана жакынкы он жылдыкта алгачкы триллионерлер пайда болорун айтышууда. Ошол эле учурда, дүйнө калкынын 44% дагы эле жакырчылыктын чегинде жашайт жана бул көрсөткүч 1990-жылдан бери өзгөргөн жок.


    Тектеш материалды окуу