akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-08-10, 12:20

    Дүйнөнүн эң бай адамдарынын үчилтигинде өзгөрүүлөр болду

    Дүйнөнүн эң бай адамдарынын үчилтигинде өзгөрүүлөр болду. Meta компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы Марк Цукерберг алгачкы жолу экинчи орунга көтөрүлдү. Ал бул тепкичтен Амазондун негиздөөчүсү Джефф Безосту түшүрдү.

    Цукербергдин байлыгы акциялар өскөнүнө байланыштуу 206 миллиард долларга жетти. Безостун активи 205 миллиард доллар. 

    Рейтингдин сап башында “Тесланын” ээси Илон Маск турат. Анын байлыгы 256 миллиард долларды түзөт.


    Тектеш материалды окуу