Жарыяланган
2025-22-04, 15:09Бир катар ишкерлер, соодагерлер 2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык чендери менен иштеген ишкерлер, өзгөчө режими бар соода аймактарында (Дордой жана Кара-Суу базарларында) иштегендер, дыйкандар жана патент менен иштеген жарандар 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 1-майга чейин декларация тапшырууга милдеттүү болсо, эми андан бошотулууда. Аны менен катар алар кийинки жылдары да декларация тапшырбай койсо болот.
Тиешелүу өзгөртүү Салык кодексине да киргизилет.
Декларация тапшырбагандарга айып салынбайт.