Жарыяланган
2025-08-04, 12:59Мамлекеттик салык кызматы 2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу өнөктүгүнүн экинчи баскычы жүрүп жатканын билдирет.
Декларация 1-майга чейин тапшырылышы керек. Аны жеке ишкерлер, патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жарандар, Кыргызстандын аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген өлкө жарандары, киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жактар тапшырууга милдеттүү.
Белгилей кетсек, 1-апрелде салык декларациясын тапшыруу өнөктүгүнүн биринчи этабы аяктаган.