Жарыяланган
2025-15-03, 14:20Эртең Asman Airlines Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча техникалык каттам аткарат. Бул тууралуу аталган мамлекеттик авиакомпаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек–Худжанд–Бишкек туруктуу каттамын апрель айында ачуу пландалууда.
Бул Кыргызстан менен Тажикстандын авиациялык байланышын кеңейтүүгө жана ташуу жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга маанилүү кадам болуп саналат.