akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-11-04, 09:00

    Элчи Исмаилова кореялык компанияга Сеулдан Ысык-Көлгө аба каттамдарын ачууну сунуштады

    Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Asiana Airlines авиакомпаниясынын вице-президенти Жонгмин Кимге Сеулдан Ысык-Көлгө түз аба каттамды ачууну сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

    Исмаилова Кореянын жарандары арасында Кыргызстанга саякаттоого кызыккандар көбөйүп жатканын белгилеп, өлкөнүн кооз табияты, туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар тууралуу айтып берген. 

    Учурда Asiana Airlines компаниясынын учактары Сеулдан Бишкеке каттап жатканын эске салып, эми Сеул – Тамчы жана Сеул – Каракол багыттары боюнча сезондук каттамдарды ачууну сунуштаган. 

    Жонгмин Ким Кореянын атуулдарынын арасында Кыргызстанга барууга кызыккандар көп экенин, өзү да өлкөнүн кооз табияты менен тааныш экенин айткан. 

    Ал компания Кыргызстанга дайымкы жана чартердик аба каттамдарды ачуу маселесин карап чыга турганын билдирген. 


    Тектеш материалды окуу