akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-21-06, 07:35

    «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы 631 млн сом киреше тапты

    “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы быйыл 5 айда 631 млн 800 миң сом киреше тапты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

    Белгиленгендей, 2023-жылдын ушул мезгилинде 63 млн 500 миң сом гана киреше түшкөн. 

    “Мен кызматка киришкенден тартып 2023-жылдын 1-ноябрына чейин күнүмдүк транзакциялардын саны орточо эсеп менен 180 миң болсо, бүгүнкү күндө күнүмдүк транзакциялардын саны 450 миңден ашты”, - деп жыйынтыктады Айбек Жунушалиев.