akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-07, 07:40

    Бишкектиктерге каалаган күнү унаа айдоого чектөө кириши мүмкүн

    Бишкек мэриясы борбор калаада жана Ош шаарында унаалардын жүрүүсүнө чектөө сунуштады. Коомдук талкууга коюлган токтом менен жол тыгындарын 20 пайызга азайтуу каралат.

    Ага ылайык шаарда автоунаанын номурундагы акыркы саны боюнча иш күндөрү саат 7:00дөн 21:00гө чейин кыймыл чектелет:

    • 1 жана 2  — дүйшөмбү күнү;
    • 3 жана 4 — шейшемби;
    • 5 жана 6 — шаршемби;
    • 7 жана 8 — бейшемби;
    • 9 жана 0 — жума күндөрү жолго чыкпайт.

    Мыйзамга баш ийбегендерге 1 миң — 5 миң сом айып салынат.

    Мэриянын маалыматында, айдоочулардын 52 пайыздан ашыгы автоунаада жалгыз жүрөт, 33 пайызы бир жүргүнчү менен, ал эми 3,2 пайызын үч же андан көп жүргүнчү колдонот.