akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-19-07, 07:34

    Бир күндө көрктөндүрүү эрежесин сактабагандарга 1 млн сом айып салынды

    17-июлда көрктөндүрүү эрежелери сакталбаганы үчүн муниципалдык  инспекторлор тарабынан 1 млн 088 миң сомдук айыптар өндүрүлүп, 81 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. 

    Белгиленгендей, Октябрь районунда 301 миң сомго - 21 протокол,, Ленин районунда 275 миң 500 сомго - 18, Биринчи май районунда 263 миң 500 сомго - 24, Свердлов районунда 248 миң сомго - 17 мыйзам бузуулар аныкталган.

    Эскерте кетсек, таштанды таштоочу жайларга видеокамералар орнотулган. 


    Тектеш материалды окуу