akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-08, 05:57

    Улуттук банк Ошто эки жаранга 35 миң сом айып пул салды

    Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы​ Ош шаарынын жана “Достук-Автожол” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында эки жаранга 17 миң 500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, аталган жарандар Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн. 

     


    Тектеш материалды окуу