akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-08, 10:10

    Улуттук банк мыйзам бузган тараптарга 110 миң сом айып салды

    Улуттук банк микрокредиттик компанияга жана акча алмаштыруу жайга айып пул салды. 

    Белгиленгендей, өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Чүй облусунда жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 миң сом айып салынды. 

    Ошондой эле, Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир акча алмаштыруу жайына 55 миң сом айып салынды.

     


    Тектеш материалды окуу