akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-16-10, 08:30

    Бишкек шаарына кийинки жумадан тарта жылуулук берүү пландалууда

    Бишкекке 22-октябрдан баштап жылуулук берүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.

    Анын айтымында, суук түшкөнүнө байланыштуу, быйыл ордо калаада жылуулук сезону адаттагыдан эрте башталат.

    Эске салсак, Бишкекте аба ырайы беш сутка катары менен 8 градустан төмөн болсо жылуулук берилет. Жылытуу алгач бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилерден башталат.


    Тектеш материалды окуу