akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-14-10, 15:22

    Бишкекке жылуулук качан берилери айтылды

    Бишкекте жылуулук беш күн катары менен аба табы +8 градустан төмөн болгон учурда берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

    Синоптиктердин айтымында, жума күнгө чейин туруксуз аба ырайы сакталып, апта соңунда күн кайрадан жылып баштайт.

    Эске салсак, ушул жылдын 1-июнунан тарта жылуулук жана ысык сууга жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык, батирдин аянты 80 чарчы метрге чейин болсо 1 гигакалорий үчүн 1 миң 560 сомдон төлөнөт, андан көп болсо жылуулук энергиясынын өз наркы менен тариф чегерилет.

    Ал эми ысык суунун 1 гигакалориясына тариф 1 миң 120 сомдун ордуна 1  миң 560 сомдон эсептелет.


    Тектеш материалды окуу