akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-25-09, 12:24

    Бишкекте автобус айдаган 30 кызматкер иштен алынат

    Бишкекте жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, тагыраагы, каршы тилкеге чыгуу, тыюу салынган жол чырактардан өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка эреже бузган 30 айдоочу иштен алынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, калаа башчы Айбек Жунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Анда жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү берди.

    "Жол эрежелерин сактоо керек. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар эмне болот? Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо", - деди Жунушалиев.

    Мэрия кайсы автобустардын кызматкерлери жумуштан алынарын тактаган жок.


    Тектеш материалды окуу