akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-10-10, 15:42

    Жол эрежесин бузгандар жыл башынан бери мамлекетке 460,5 млн сом төлөдү

    Жол эрежесин бузгандар жыл башынан бери мамлекетке 460,5 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, 9 айда жалпысынан 800 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Алардын көбү ылдамдыкты ашырып айдоо, жол белгилерине баш ийбөө, терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу, тийиштүү документтери жок унаа башкаруу жана башкалар. 


    Тектеш материалды окуу