akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-06-05, 06:38

    Бишкекте батирдин чарчы метринин орточо баасы 1 миң доллардан ашты

    Быйылкы жылдын март айында Бишкекте батирдин 1 чарчы метринин орточо баасы 90 миң 198 сомду, же 1017 долларды түздү. Мындай маалымат Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин материалында айтылат. 

    Ошентип, 1 м² орточо баасы:

    • Бишкек шаарындагы батирлер 90 миң 198,24 сомду түздү;
    • үйлөр – 122 миң 28,45 сом;
    • административдик жайлар – 73 миң 367,22 сом;
    • коммерциялык жайлар – 98 миң 765,47 сом;
    • өндүрүштүк жай – 34 миң 247,13 сом;
    • социалдык жайлар – 52 миң 40,7 сом.