Жарыяланган
2024-06-12, 12:32Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Түгөлбай-Ата көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда болот.
Шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң жана чекене баада сатып ала алышат.
Жарманке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо максатын көздөйт.