Жарыяланган
2024-03-12, 14:20Ысык-Көл жана Нарын облустары органикалык дыйканчылыкка өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, долбоор пилоттук негизде ишке ашат.
Бул демилгенин алкагында фермерлер, жарандык коом жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте аймактардын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган туруктуу айыл чарба моделин иштеп чыгуу боюнча талкуулар өткөрүлөт.
Органикалык өндүрүшкө өтүү айыл чарбанын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтып, продукциянын сапатын жогорулатып, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.