Жарыяланган
2024-24-12, 13:00Бишкекте ипотекага бериле турган “Мурас” турак жай комплекси ачылды. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, учурда 510 батирдин курулушу аяктап, 1 бөлмөлүү 306 жана 3 бөлмөлүү 204 батир даяр болду.
Үйлөр бардык коммуналдык кызматтар менен камсыздалган. Өзүнүн жылуулук борбору, борборлоштурулган газ системасы, суу жана канализация, электр энергиясы бар.
Бишкектин Маликов көчөсүндө жайгашкан комплексте жалпысынан 4 миң 700дөн ашык батир салынат. Курулушту толугу менен 2026-жылдын төртүнчү кварталында аяктоо пландалууда.