akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2024-21-11, 14:03

    Туманбаев: Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан объекттер декабрда ишке берилет

    Бүгүн, 21-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйынында Кыргызстанда учурда 40-42 миң батир салынып жатканын билдирди. Ал ошондой эле 2023-жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өзүнүн объектилерин кура баштаганын эске салды.

    Туманбаевдын айтымында, өлкө ири курулуштарга байланыштуу белгилүү бир кыйынчылыктарга, анын ичинде цемент жана курулуш материалдары менен камсыздоо көйгөйлөрүнө дуушар болгон. Бирок ал ишендиргендей бул маселелер акырындык менен чечиле баштады.

    "10-декабрдан кийин МИК биринчи объектилерди ишке киргизе баштайт", - деп белгиледи ал.

    Маалыматка ылайык, учурда 39 миң үй-бүлө ипотека алуу үчүн электрондук кезекте турат.

    "Алардын 60%ы жеңилдетилген ипотека, 35%ы жеткиликтүү ипотека жана 5%ы социалдык ипотека алууну күтүшүүдө" - деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компания.


    Тектеш материалды окуу