Жарыяланган
2024-07-12, 11:02Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ирандын элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, анда тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун негизги маселелерин талкуулашты.
Жолугушуу учурунда өзгөчө көңүл кыргыз-иран инвестициялык кеңсесин ачуу маселесине бурулду.
Бул кеңсе Кыргызстан экономикасынын артыкчылыктуу секторлоруна ирандык инвестицияларды тартуунун маанилүү куралы болот деп күтүлүүдө.