Жарыяланган
2024-19-09, 17:08Кытай Кыргызстанга 200 миллион юань өлчөмүндө грант бөлөт.
Тиешелүү меморандумга бүгүн Пекин шаарында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгында кол коюлду.
Бөлүнгөн гранттык каражат артыкчылыктуу багыттардагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.