akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-06-02, 03:30

    Бишкекте тазалоочу курулмаларды өндүргөн завод ачылат

    Бишкекте “SKY TUNUK” холдингинин базасында “SKY Industrial Group” тазалоочу курулмалардын бардык түрүн өндүрүү жана орнотуу боюнча завод ачылат. Бул тууралуу аталган компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. 

    Маалыматка ылайык, завод февраль айынын аягында ачылары пландалууда. 
    Компания ЕК таза суу ресурстарына көз каранды болгон ар кандай тармактарды экономикалык өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган.

    "Тазалоочу курулмаларды орнотуу айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу үчүн зарыл. Алар жаратылышка жана элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон зыяндуу заттарды жана микроорганизмдерди агынды суулардан чыгарууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.