akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-18-12, 11:10

    Бишкекте унаа токтотуучу жайларга заманбап технологиялар киргизилет

    18-декабрдан баштап борбор калаада унаа токтотуучу жайларды уюштурууга заманбап технологияларды киргизүү максатында мэрия шаардык унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө электрондук системаны киргизүү боюнча иштерди баштайт. 

    Бул иш-чаралар Токтогул - Тыныстанов - Фрунзе - Турусбеков көчөлөрү менен чектелген аймактарда тест режиминде башталат. 

    Белгилеп кетсек, жаңы чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын аймагынан (борбордук кеңсенин имаратынын жанында) башталат, ал жерде муниципалдык унаа токтотуучу жай да иштейт.  

    Борбор калаадагы унаалардын агымын тартипке келтирүү, тыгындарды жоюу жана кыскартуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында муниципалитет унаа токтотуучу жайларды зонага бөлүүнү жана бардык муниципалдык унаа токтоочу жайларды жаңы форматта иштөө үчүн электрондук системалар менен жабдууну пландаштырууда.

     


    Тектеш материалды окуу