Жарыяланган
2025-05-04, 12:28Бишкектин борборундагы уруксатсыз орнотулган тосмолор алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы "Эркиндик бульвары 7", "Исанов көчөсү 81, 85, 87" даректериндеги, 7-апрель жана Молдокулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана 5 -кичи райондогу жалпы узундугу 551 метр болгон тосмолорду алган.
Мэрия тосмолорду өз билемдик менен орноткондорго буга чейин эскертүүлөр берилгенин, өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында уруксатсыз коюлган тосмолорду алуу иштери улана берерин эскертет.