akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-08-04, 13:43

    Бишкектеги Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү 4.5 айдан ашык убакытка жабылат

    Бишкекте 9-апрелден тарта Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү 4.5 айдан ашык убакытка жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

    Маалыматка ылайык, Фрунзенин Төрөкул Айтматовдон Ахматбек Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Аталган тилке 9-апрелден 31-августка чейин жабык болот. 

    Мэрия билдиргендей. Аталган тилкедеги түтүктөр 1971-жылдан бери иштетилип келе жатат, эскилиги жеткен. Эски түтүктүн диаметри 900 мм болсо, жаңысы 1000 мм болуп алмаштырылат. 


    Тектеш материалды окуу