akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-15-04, 09:01

    Бишкекте быйыл 1,6 млн гүл тигилет

    Бишкекте быйыл 1,6 млн гүл тигилет. Бул тууралуу мэрия билдирди.

    Маалыматка ылайык, "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын кызматкерлери тарабынан борбор калаанын көчөлөрүнө жана сейил бактарына петуния, тагетес, сальвия, алиссум жана башка гүлдөр тигилет.

    Жеңиш жана Ала-Тоо аянттарында, Эмен сейил багында, Пушкин, Чүй көчөлөрүндө, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Театралдык жана Дене тарбия гүлбактарында гүлдөр оймо-чийме түрүндө отургузулат. 


    Тектеш материалды окуу