Жарыяланган
2025-16-04, 10:55Быйыл Бишкекте ысык суу 40 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ысык суу 21-апрелден 31-майга чейин жок болот. Ал жылуулук жабдыктарын, түйүндөрүн, отканаларды кыш мезгилине даярдап, оңдоо иштерин жүргүзүү максатында өчүрүлөт.
Былтыр Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлгөн.