akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-04-09, 12:51

    Бишкектеги эски троллейбустар Ош шаарына жеткирилүүдө

    “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсы 2024-жылдын 2-сентябрынан тарта борбор калаа Бишкектен Ош шаарына троллейбустарды ташып жеткирүү ишин баштады. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасы билдирди.

    Быйыл апрель айында Ош шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган тендердин негизинде бул ишти алып баруу милдети “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсына жүктөлгөн.

    Негизинен 100 троллейбус, трасформаторлор, электр чубалгылары жана мамычалар жеткирилет. Жалпысынан 152 рейс жүргүзүлөт.

    Белгилей кетсек, “Кыргызчеттранс – Ош” ЖЧКсы -  эл аралык жана ички жүк ташууларды уюштурууга багытталган транспорттук - логистикалык компания.