Жарыяланган
2025-30-01, 10:55Бишкек мэриясы Кытайлык Циндао институту сунуштаган катализаторду сынап баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Эксперимент үчүн катализаторлор шаардык кеңештин төрагасынын орун басары жана блогерлердин унааларына орнотулду. Экологдор алгач аталган транспорттон чыккан газды текшерип алышкан, эми катализатордун таасири сыналат.
Буга чейин Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализаторлорун массалык түрдө алмаштыруу каралып жатканы айтылган. Алар Кытайдан алынып, баасы 4 миң 800 сомдон 6 миң 900 сомго чейин болот.