akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-10-10, 09:25

    Борбордук аянтка аскер техникалары орнотулду

    Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтына аскерлер, аскер техникалары келди.  Ошондой эле жүздөгөн формачан милиция кызматкерлери топтолду.

    [news 28888]

    Борбор калаага комендант болуп дайындалган Алмаз Орозалиев бул кадимки эле  саптык тизилүү-бөлүштүрүү эле экендигин билдирди. 

    «Өзгөчө абал киргизилген. Элдик кошуун менен бирге кадимки эле саптык тизилүү-бөлүштүрүү эле өткөрүп жатабыз. Элге ок атып же элди кубалап таратуу максатыбыз жок. Бул жерден бөлүштүрүлүп шардагы коопсуздукту  камсыздоо үчүн жөнөтүлөт.

    Ал эми аскер техникасы менен аскерлер кайгуул жүргүзүшөт коменданттык саат учурунда», – деди Орозалиев.