Жарыяланган
2025-20-03, 08:50CASA-1000 долбоорунун алкагында 31-марттан тарта Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы Датка-Согд линиясына жарык бериле баштайт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор боюнча Кыргызстандын аймагындагы курулуш толугу менен аяктады. Датка-Согд линиясынын чыңалуусу 500 киловатты түзөт.
Курулушту ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алары маалым болгон.