akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right

    Жарыяланган

    2024-05-11, 15:27

    CASA-1000: Энергетикалык инфраструктуралык объектилердин курулушу аяктады

    Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктура объектилеринин курулушу аяктады. 

    “Улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришкендей, “Датка” көмөк чордонундагы тирөөчтөрдү орнотуу, зымдарды илүү иштери 100 пайызга аткарылды. 

    Эске салсак, CASA-1000 Борбор Азия менен Түштүк Азиянын энергетикалык системасын бириктирүүгө багытталат. Анын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергиясы Афганистан жана Пакистанга экспорттолот. 


    Тектеш материалды окуу