Жарыяланган
2024-11-04, 04:13Министрлер кабинети “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо – 2” долбоору ишке киргенин жарыялады, анын максаты газ менен жылытууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу аркылуу калктын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул үчүн өкмөт 1 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлгөн.
Долбоор Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына газ от казандарын орнотууда жана керектүү материалдарды сатып алууда колдоо көрсөтүү, аларга жеңилдетилген насыяларды сунуштоого багытталган. Демилгеге өлкөнүн эки ири каржы институту – "Айыл Банк" ААК жана РСК Банк катышууда.