akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-03-05, 09:36

    Былтыр «Газпром» компаниясы 629 млрд рубль чыгымга учураган

    2023-жылдын аягында "Газпром" компаниясы 629 млрд рубль таза чыгымга учурады. Муну компаниянын каржылык баяндамасы тастыктайт. 

    2022-жылы "Газпром" 1,23 трлн рубль таза киреше алган. 2023-жылдагы кескин өзгөрүү Орусияга каршы киргизилген санкциялардын фонунда газдын экспорттук баасынын төмөндөшүнө байланыштуу.

    2023-жылга карата компаниянын кирешеси 27% га азайып, 8,54 трлн рублди түзгөн.

    Белгилеп кетсек, “Газпром Кыргызстан” ишканасы 2014-жылдан бери “Газпром” ЖАКтын туунду ишканасы болуп саналат.