akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-09-08, 04:52

    Дем берүүчү гранттардын эсебинен Ош облусуна 12 млн сом сарпталды

    2024-жылдын 7 айына карата Ош облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 12 млн сомго 19 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.   

    Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районуна - 1,9 млн сом, Кара-Суу районуна - 2,1 млн сом, Ноокат районуна - 0,7 млн сом, Алай районуна - 31,9 млн сом, Өзгөн районуна –  4,6 млн сом, Чоң-Алай району - 0,8 млн сом жумшалды.  

    Жалпы 7 мектепке – 3,7 млн сом, 6 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 4,6 млн сом, 1 спорттук курулуштарга – 0,7 млн сом, 5 бала бакчага – 3,0 млн сом сарпталды.