akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-15-08, 03:30

    Мектеп жана бала бакчаларды курууга 1,4 млрд сом бөлүндү

    2024-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

    Каржылоого 1 млрд 439 млн сомдон ашуун каражат каралган, тагыраагы: 

    • 149 мектептин курулушуна - 844,4 млн сом, 
    • 87 мектептин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого - 21,2 млн сом, 
    • 78 мектепти капиталдык оңдоого - 226,1 млн сом; 
    • 63 бала бакча курууга - 306 млн сом, 
    • 42 бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого - 11,8 млн сом,
    • 12 бала бакчаны капиталдык оңдоого - 30 млн сом. 

    Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

    Белгилеп кетсек, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 1-сентябрга карата 27 мектепти жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүүнү пландоодо.