akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-25-07, 09:24

    Турсунбековдун балдары «Капитал Банкты» мамлекетке өткөрүп беришти

    «Капитал Банк» мамлекеттин менчигине өттү. Банктын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын фондулук биржасынан билдиришти.

    Келишимге чейин банктын акциялары маркум экс-депутат Чыныбай Турсунбековдун балдарына тиешелүү болгон: Эржан Чыныбай уулу 40%, Айдай Турсунбекой 30% жана Бегимай Чыныбай кызы 30% ээлик кылган.

    Эскерте кетсек, Reporter.Kg июнь айында УКМКнын кызматкерлери Чыныбай Турсунбековдун кыздары, Айдай Турсунбекова жана Бегимай Чыныбай кызынын кызы камакка алынганын жазган. Аларга “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

    Кошумчалай кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алардын кармалышын “жеке менчикке кол салуу эмес” экенин айтып, “биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт, анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт”, — деп билдирген.