Жарыяланган
2023-22-11, 07:38Мамлекет “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” (KICB) ЖАКтын 10% акциясын сатканы жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен маалым болду.
Баалоо иштери "ААР-Консалтинг жана изилдөө" ЖЧКсы жана "Терра Консалтинг" Көз карандысыз баалоо жана консалтинг агенттиги ЖЧКдан турган консорциум тарабынан жүргүзүлүп, келишимдин суммасы 5,1 млн сомду түздү. Баалоо ушул жылдын 3-октябрында аяктаган.
Бирок мекеме банктагы мамлекеттин үлүшүнүн баасын ачыктай элек.