Жарыяланган
2024-12-03, 06:18“Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” ЖАК алтынчы чыгарылыштагы облигациялар боюнча чегерилген кирешени төлөйт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Пайыздык киреше алууга укугу бар облигациялардын ээлеринин тизмеси 2024-жылдын 12-мартына карата аныкталды. Кирешелүүлүк нормасы жылына 12%, ал эми бир баалуу кагаздын номиналдык баасы 1 миң сомду түзөт.
"Пайыздарды төлөө Эркиндик бульвары, 21 дарегиндеги KICB башкы кеңсесинде жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.