Жарыяланган
2025-19-03, 11:33Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан текшерүү иштеринин натыйжасында Сын-Таш а/а жайгашкан бала бакча мамлекетке кайтарылды.
Маалыматка ылайык, 2005-жылы жогоруда аталган 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси мыйзамсыз түрдө Ош шаарынын экс-мэри Ч.С. (2003-жылы Ош шаарынын мэри болгон) тарабынан менчиктештирилген.
Көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Ысык-Ата районунун Сын-Таш а/а Советская айылы, Новая көчөсү №19а үй дарегинде жайгашкан, аянты 0,53 га, колдонууга жарактуу аянты 1094 кв.м болгон бала бакча мамлекеттин балансына өттү.