akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-25-04, 08:13

    Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын ИДПсы быйыл 4,5%га өсүшү мүмкүн

    Дүйнөлүк банк 2024-жылга карата Кыргызстандын ИДПсын 4,5%га өсөрүн болжолдоодо. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды. 

    Дүйнөлүк банктын болжолдоосунда быйыл бардык постсоветтик өлкөлөрдүн ИДПсы өсөрү күтүлүүдө. ИДПнын эң чоң өсүшү Тажикстанда күтүлүүдө.

    Ага ылайык, Арменияда 5,5%, Азербайжанда 2,3%, Беларуста 1,2%, Грузияда 5,2%, Казакстанда 3,4%, Кыргызстанда 4,5%, Молдова 2,2%, Орусияда 2,2 %, Тажикстанда 6,5 %, Украинада 3,2% жана Өзбекстанда 5,3% болору болжолдонууда.