akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-07-05, 09:35

    Изилдөө: Кыргызстан транспорттук-логистика тармагы боюнча 123-орунда

    Борбордук Азия өлкөлөрү транспорттук-логистикалык тармак боюнча артта калууда. Ал эми Кыргызстан 140 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээлеген. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын аналитиктери түзгөн логистикалык эффективдүүлүк индекси (140 өлкө кирет) тастыктайт.

    Изилдөөдө 2007-2023-жылдардагы маалыматтар талданган. Анда Борбор Азия өлкөлөрү төмөнкү орундарды ээлешкен:

    • Казакстан – 79-орун;
    • Өзбекстан – 88-орун;
    • Тажикстан – 97-орун;
    • Кыргызстан – 123-орун.

    Түркмөнстандын логистикалык тармагынын абалы тууралуу маалымат болбогондуктан, бул өлкө рейтингге кирген эмес. 

    Белгилеп кетсек, транспорттук-логистика тармагы боюнча 1-орунда Сингапур, 2-орунда Финляндия, 3-орунга Дания,  Германия, Нидерланды жана Швейцария кирген.