akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: кабмин КР

    Жарыяланган

    2024-14-11, 13:27

    Жыл аягына чейин Кыргызстанда 150 ишкана ачылып, 19 миң жумуш орду түзүлөт

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл аягына чейин Кыргызстанда жалпы инвестициянын көлөмү 2 миллиард 200 миллион долларды түзгөн 150дөн ашык жаңы ишканаларды ачуу пландалып жатканын билдирди.

    Мунун аркасында өлкөдө 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт.

    "Жаңы ачылган ишканалардын ичинен 124 ишкана кайра иштетүү тармагында, 18 ишкана энергетика тармагында, 8 ишкана тоо кен тармагында, 6 соода-логистикалык борбордо, 2 таштандыларды кайра иштетүүдө", - деди Акылбек Жапаров.

    Ал өлкө боюнча ишканалар ачылып жатканын баса белгиледи. Алсак, Чүй облусунда 45, Ош облусунда 23, Баткен облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 16, Бишкек шаарында 18, Жалал-Абад облусунда 12, Нарын облусунда 15, Ошто 10, Талас облусунда 7 ишкана ачылган.


    Тектеш материалды окуу